Украиналык теннисчи жеңилүүдөн кийин орусиялык 17 жаштагы кыз менен кол алышпай койду (видео)

17 жаштагы орусиялык теннисчи Мирра Андреева Индиан-Уэллсте (АКШ) өткөн турнирдин чейрек финалында украиналык 30 жаштагы Элина Свитолинаны утуп алды.

Оюн 1 саат 28 мүнөткө созулуп, 7:5, 6:3 эсебинде аяктады.

Украиналык теннисчи жеңилүүдөн кийин калыс менен кол алышып, жакындап келе жаткан орусиялык атаандашы менен кол алышпай койгон.

Эске сала кетсек, буга чейинки этапта Мирра Андреева дүйнөнүн жетинчи ракеткасы болгон коңшу казакстандык Елена Рыбакинаны 6:1, 6:2 эсебинде утуп алган.

Украиналык теннисчи атаандашы менен кол алышпай койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан