Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында депутат Бекмурза Эргешов мектептерде жол эрежесин үйрөтүүчү сабактарды кошуу керектигин билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда айдоочулук күбөлүк алууна каалагандар, жеке менчик автомектептердеги курстарга барышат, бирок алардын окутуу сапаты кандай болуп жатканы белгисиз.
"Мурда мектептерде унаа айдаганды үйрөтүүчү сабактар бар эле. Азыр ал жок. Учурда бир жарым, эки жылдан бери экзамен тапшыра албай жүргөндөр бар. Баары эле унаа айдаганды каалашат, ал үчүн эрежелерди билүү керек. Ошол эрежелерди 10-11-класстын окуучуларына киргизип койсок болот беле?
Азыр баары жеке окуу борборлорунан үйрөнүп жатышат. Алар пайда эле көрүүдө. Кандай окутуп жатат эч ким билбейт. Сиздер муну окуу предмети катарында киргизип койсоңуздор туура эле болмок", - деди депутат.
Ал эми Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасы балдарды эрте кесип алууга багыт берүүгө даярдалганын билдирди.