Ошто өмүр бою соттолгон киши катып койгон мылтыгын өткөрүп берди (видео)

Өмүр бою абакка кесилген жаранга таандык болгон ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Ош ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-мартта шаардык милицияга Д. аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам шектүү делген 45 жаштагы жаран суралган. Ал 2023-жылы SAIGA үлгүсүндөгү куралды катып койгонун ырастап, ал жерди көрсөтүп берүүгө макул болгон. Жыйынтыгында ал жайдан ок атуучу курал, магазин жана 10 даана ок дарылары табылган.

"45 жаштагы жаран былтыр Ош шаардык сотунун өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал терроризм, экстремизм жана каракчылык кылмыштар үчүн айыптуу деп табылган. Учурда жаза өтөө мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат", - деп айтылат маалыматта.

14.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан