Кыргызстанда акыркы 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеште жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов билдирди.
Парламенттеги "Альянс" фракциясынын жыйынында өлкө аймагындагы мөңгүлөрдүн абалы, аларды сактоо жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе каралды.
Жыйында баяндама жасаган Касейинов Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн учурдагы абалына токтолду. Ал белгилегендей, 1970-жылдары Кыргызстанда жалпы аянты 7944,2 км² түзгөн 8164 мөңгү болгон.
"Ал эми Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, акыркы 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган", - деди ал.
Андан соң экологдордун, окумуштуулардын баяндамалары угулуп, анда негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору сунушталды.
Талкуу темасынын демилгечиси, депутат Чыңгыз Айдарбеков мөңгүлөрдүн учурдагы абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, бул жааттагы сунуштарды практикалык түрдө ишке ашыруу керектигин белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү кендерди иштетүүгө берилген лицензияларды инвентаризациялоо, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо, анын ичинен казылган жер тилкелерин рекультивациялоо зарылдыгын айтты.
"Айрыкча флораны жана фаунаны сактоого, Кызыл китепке кирген эндемикалык дары өсүмдүктөрдүн жок болуп кетишине жол бербөөгө көңүл буруу керек", - деген Айдарбеков жооптуу мамлекеттик органга бул багытта атайын программа иштеп чыгууну табыштады.