"Камдап алыңыз". Бишкектеги бир нече аймакта таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 18-мартта саат 10:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Билдирүүдө мындай чектөө "Аэропорт" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгени айтылат.
Өчүрүү аймагы:
  • Ч.Айтматов проспектиси № 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
  • Токтонолиев көчөсү, 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
  • Т.Океев көчөсү 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.
  • ТЧЧК – Куйручук – ТЧЧК– Молдокулов көчөлөрү менен чектелген тилкеде суу болбойт.
Жогорудагы даректердеги турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берилбейт.
“Бишкек суу канал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан