Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы тарыхта алгачкы ирет чыккан Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун үчүнчү турдук оюндарынын алкагында Катар курамасын Бишкекте кабыл алат.
Оюн 25-март күнү саат 20:00дө башталат. Ал эми Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион күйөрмандар үчүн саат 18:00дө эшигин ачат.
Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши.
Кошумча маалымат: Бул күнү күйөрмандар оюнга гана күбө болбостон, чыныгы кыргыз маданиятынын атмосферасын сезе алышат. Андан тышкары Рамазан айына туш келген бул майрамда көрүүчүлөр стадиондо ооз ачып, акысыз даам тата алышат.