Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобу Билим берүү жана илим министрлигинин аткарып жаткан иштери, жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрү жана алдыга койгон пландары жөнүндө маалыматын укту.
Жыйында баяндама жасаган билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева негизинен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, билим берүү тармагын санариптештирүү, 12 жылдык форматка өткөрүү тармагындагы жылыштар жана орчундуу көйгөйлөр боюнча учкай маалымат берди.
Ал Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин айтты.
"Башталгыч класстагы балдардын 61,2 пайызы математика боюнча базалык сабаттуулук деңгээлине жетишпейт. Бул өтө оор көрсөткүч болуп эсептелет. Ал эми окуучулардын 49,2 пайызы окуу жана түшүнүү боюнча жетишпейт, башкача айтканда, эмне окуганын түшүнбөйт", - деди ал.