Бүгүн, 14-мартта президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйында 2024-жылдын 6-ноябрында болуп өткөн ТМУнун мамлекет башчыларынын Бишкек саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. Мындан тышкары Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.
Мамлекет башчысы Кыргызстан ТМУнун алкагында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө активдүү катышууну улантып, жалпы региондун туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө салым кошорун белгиледи.
Ал эми Өмүралиев ТМУнун боордоштук мамилелерди жана регионалдык ынтымакты чыңдоого багытталган бардык аракеттерди колдоого даярдыгын баса белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосундагы мамлекеттик чек ара келишимине кол коюлушу менен куттуктады.