УКМК Сирияда аскердик операцияларга катышкан кыргыз жаранын кармады

Издөөдө жүргөн "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террористтик уюмунун активдүү мүчөсү, 1993-жылы Ош облусунда туулган Д.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Д.К. буга чейин Сирияда диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, ошондой эле Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.

Ош шаардык сотунун чечими менен Д.К. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда эл аралык террористтик уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан