Социалдык тармактарда "Бишкек-Ош жолунда кырсык катталып, унаа ичиндеги адамдар менен кошо өрттөндү" делген видео тарады.
"Үч-Теректе ичиндеги адамдары менен Степ күйүп кетти. Түз эле келип, түшүп кетиптир. Адамдар чыкканга жетишпей калыптыр", - деди видеонун автору.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул боюнча маалымат бере элек.