Урмамбетов "Коопсуз шаардын" аймактардагы камералары эмнеге иштебей турганын айтты

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында Кыргызстанда жана ири шаарларда "Акылдуу шаар" долбоорунун компоненти болгон "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун учурдагы абалы, коомдук тартипти сактоого тийгизген таасири, көйгөйлөр жана келечектеги пландар жөнүндө маалымат угулду.

Маалымат менен ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов жана башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева тааныштырды.

"Учурда “Коопсуз шаар” долбоору Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында штаттык режимде иштеп жатат. Бул компонентти ишке ашыруу менен 2024-2025-жылдары аппараттык-программалык комплекстер орнотулган Бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктары 3,1 пайызга, ал эми Чүй облусунда 14,2 пайызга азайган.

Бишкек менен Чүйдө “Коопсуз шаар” ишке берилген 2019-жылдын 4-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузгандарга 6 миллион 649 миң электрондук токтом чыгарылды. Анын ичинен 5 миллион 677 миң токтом боюнча 4 миллиард 780 миллион 191 миң сом өндүрүлгөн. Калгандары боюнча иш жүрүп жатат", - деп билдирди Урмамбетов.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун ишке ашыруу укугун алган Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания 7 облус, 2 чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу. Бирок бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган компанияны 2022-жылы сотко берген. Октябрь Урмамбетов аппараттар орнотулганы менен, ал ишке бериле электигин, себеби сот иштери дагы деле бүтпөй жатканын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Сүйүнбек Өмүрзаков долбоордун маанилүүлүгүн эске алуу менен Министрлер кабинети экинчи этапты ишке ашыруу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин баса белгиледи. Эл өкүлү Марат Мураталиев республика боюнча жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын – "акылдуу" светофорлорду киргизүү маселесин көтөрдү.

Депутат Бахридин Шабазов мектептерде жана бала бакчаларда видео көзөмөл камераларын орнотуу боюнча аткарылып жаткан учурдагы иштер тууралуу сурады. Буга Урмамбетов бүгүнкү күндө "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мектептеринин 80 пайызында Ички иштер министрлигинин кырдаалдык борборуна туташтырылган видео көзөмөл системалары орнотулганын белгиледи. Мындан тышкары бардык бала бакчаларда жана мектептерде коопсуздук баскычтары орнотулганын билдирди.

Жогорку Кеңеш 14.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан