Ысык-Көлдүн Жети өгүз районунда 17 жыл мурун кыз зордуктоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2008-жылдын 26-апрелде Жети-Өгүз районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ошол эле күнү саат болжол менен 22:00 чамасында Жети-Өгүз районунун З.А. аттуу тургуну үйүнө кирип барып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.
Аталган факт боюнча 2017-жылдагы мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү из жашырып кеткендиктен издөө жарыяланган.
2008-жылдан бери издөөдө жүргөн 1972-жылы туулган З.А. Орусиянын Москва шаарында 2025-жылы кармалып, камакка алынды. Учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө.