Бүгүн, 16-мартта Бишкекте 6 жаштагы бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап каза тапты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, “102” кызматына 7-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн биринде 6-кабаттан адам кулап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо барып, текшерүү учурунда 2019-жылы туулган А.А. аттуу бала 6-кабаттан кулап кеткени аныкталган. Жыгылгандын кесепетинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.
Учурда өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн бардык экспертизалар дайындалды.