Эл аралык футбол ассоциациясы (ФИФА) коңшу Өзбекстанда футбол өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгып жатканын бүт дүйнөгө билдирди.
Социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүдө ФИФА уюму Өзбекстандын учурда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпиондукка жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгиледи.
"Өткөн жылы өзбек футболунун тарыхында жаңы барак ачылды. Тагыраагы, бул улуттук курама команда биринчи жолу Олимпиадага жолдомо жеңип алды. Мындан тышкары Өзбекстан Борбор Азияда биринчи болуп футзал боюнча дүйнөлүк чемпиондукту өткөрдү.
2025-жыл өлкө үчүн эл аралык масштабдагы маанилүү жыл болуп калды. Абдукодир Хусанов Англия Премьер-Лигасында ойногон алгачкы өзбек футболчусу болду", - деп жазды ФИФА уюму.
ФИФА ошондой эле Өзбекстандын футбол ассоциациясы менен келечектүү долбоорлор боюнча кызматташууну белгиледи. Тактап айтканда, FIFA Forward программасынын алкагында Улуттук курама командалар борбору модернизацияланып, үч жаңы аянтча курулуп, стадиондогу жарыктандыруу системасы эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылды.
Белгилей кетсек, Өзбекстан курамасы дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун алкагында 20-март күнү Кыргызстан менен ойнойт.