Зеленский Украина армиясынын Башкы штабынын башчысын кызматтан алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина армиясынын биргелешкен күчтөрүнүн командачысы Андрей Гнатовду Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу маалымат Зеленскийдин 16-марттагы жарлыгында айтылды.

"Андрей Викторович Гнатов Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги болуп дайындалсын", - деп жазылат анда.

Буга чейин бул кызматты Анатолий Баргилевич ээлеп келген, мурдагы жарлыгы менен Киев режиминин башчысы аны кызматынан бошоткон.

"Коммерсант" басылмасы Зеленский Анатолий Баргилевичти Украинанын Коргоо министрлигинин башкы инспектору кылып дайындаганын жазды. Ага Украина армиясында реформалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана Коргоо министрлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле мыйзамдардын сакталышын текшерүү милдеттери жүктөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан