АКШда катуу бороон-чапкындан улам 30дан ашуун адам каза болду 

АКШнын түштүк чыгыш тарабында катуу бороон-чапкын жана торнадо катталып, кеминде 34 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык жети штатта: Арканзас, Иллинойс, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Миссури жана Техаста болгон. Аталган аймактарда 138 миллион адам жашайт. Учурда үйлөрдүн жана имараттардын ири өлчөмдө талкаланышы катталып, болжол менен 200 миң адам электр жарыгысыз калганы айтылууда.

Ал эми Арканзас жана Жорджи штаттарынын губернаторлору аймакта өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы башка штаттарда: Алабама, Теннесси, Жоржия жана Флорида да торнадо коркунучу бар экенин эскертти. Ошондой эле жакынкы күндөрү АКШнын чыгыш жээгинде катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан