Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 42 жаштагы жаран өзүн-өзү асып каза болду. Бул тууралуу кечээ, 16-мартта Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 14-март күнү болгон. Маркум Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси мене шектелип жаткан. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.
Ошондой эле облустук милиция ал коңшу өлкөлөрдүн биринде адам өлтүрүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталганын кошумчалады.