Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаада бүгүн, 17-мартта жылуулук берүү токтотулат.
Билдирүүгө ылайык, мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын 15-марттагы жыйынында кабыл алынган.
Айта кетсек, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек ЖЭБ жана "Бишкек жылуулук энерго" филиалдарынын мүлк комплекстери мэриянын балансына өткөрүлгөн.