"2 кабат унаа токтотуучу жайы менен..." Ош шаарындагы борбордук мечитти жаңылоо пландалууда (видео)

Ош шаарындагы Зайнабидин жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук мечит 5 кабат болуп жаңы курулат. Бул туурасында мэриядан кабарлады.

Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушовдун айтымында, унаа токтотуучу жайы 2 кабат болуп, жер төлөдө жайгашып, үстү 3 кабаттан турат. Бардык ыңгайлуу шарты менен курулуучу мечиттин жалпы сыйымдуулугу 3 миң адам экендиги кошумчаланган.

Белгиленгендей, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Имам Аль-Бухари – Алай жаңы мечитинин долбоору менен таанышты. Шаар башчысы долбоор боюнча өз сунуштарын берди.

Ош шаарындагы борбордук мечитти жаңылоо пландалууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан