SUPER.KG порталына Жумгал районунун тургуну Ислам Сарыгулов кайрылып, иниси Азатбек Сарыгуловдун операциясына каражат жетпей жатканын айтып, элден жардам сурады.
Азат Сарыгулов 1987-жылы Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Бейтап 2010-жылдан бери боордун, өпкөнүн альвеококкозу оорусу менен ооруп келет.
Сарыгуловдун айтымында, альвеококкоз боордон өпкөгө өтүп, өпкөдөн жүлүнгө да өтүп жаткандыктан, акыбалы өтө начар. Учурда омурткасы жүлүндү кысып, буту баспай жатат. Боорунун 80 пайызын алдырган, экинчи топтогу майып.
"Иним жылда операция боло берип, өзүбүздө каражат калган жок. Азат 10 жылдан бери бул оору менен алышып келе жатат. Азыркы учурда боору, көк боору чоңоюп, шишик болгондуктан, операцияны Түркияда кылуу муктаждыгы жаралууда. Дарыланууга каражат жетпей жатат. Инимдин операциясына 40 миң доллар керектелүүдө. Бизге каражат керек болуп турган кезде, жардам колун сунуп, кайрылгандар болот деп ишенем. Инимдин балдары кичине, анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиздер", - дейт агасы Ислам.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
О деньги: 0700865700 (Азатбек С)
Мбанк: 0990333459, 4177-4901-8451-4075 (Азатбек С)
Карта: 4177490184514075 Azatbek Sarygulov
Номер: 0(700) 29 28 98 байкеси Ислам.
О банк 0(700) 29 28 98.