Нооруз – бул жаңылануунун, үй-бүлө менен жолугушуулардын жана меймандостуктун мезгили. Жыл сайын март айында Кыргызстанда майрамдык маанай өзгөчө болот: адамдар бир дасторкондо чогулуп, борбордук аянттарда эл үчүн иш-чаралар өткөрүлүп, туш тараптан музыка жаңырат, ал эми ар бир үйдө салттуу тамактар даярдалат. Майрам ойдогудай өтүшү үчүн салттарды гана сактабастан, ошону менен бирге жайлуу маанайды да түзүү маанилүү. Ozon менен майрамга карата үйдү кантип даярдаш керектигин, кандай дасторкон жазып, белектерди кантип тандап алса болорун айтып берели.
Үйдү өзгөчө жайлуу кылабыз
Нооруздун алдында көпчүлүк адамдар үйлөрүн абдан тазалап, арчалап чыгышат – бул үйдү жаман энергетикадан арылтып, айлана-тегеректи тазалоого жардам берген байыркы ырым. Ашыкча жана керексиз буюмдардан арылуу жеңилдик сезимин пайда кылат, ал эми таза үй ийгиликти тартат. Үйдү тазалоо процесси ыңгайлуу жана жагымдуу болушу үчүн керектүү шаймандарды жана каражаттарды Ozon’дон таба аласыз. Зымсыз, өзү жууган чаңсоргуч полдорду тез тазалоого жардам берет, эмеректер үчүн полироль жыгачтан жасалган жана лакталган эмеректерге көрк кошот, ал эми аромадиффузорлор жана жыпар жыттуу шамдар бөлмөлөрдү жаздын жытына толтурат. Салт боюнча, майрамга карата карыздардан кутулуп, мамилелерди калыбына келтирип, муктаж болгондорго жардам берүү да маанилүү. Бул күнү сооп иштер үйгө берекени тартат деп эсептелет.
Дасторкон жаябыз
Нооруз – бул жаздын жана жаңылануунун гана майрамы эмес, бул ошондой эле кең пейил меймандостуктун да мезгили. Салт боюнча, бул күнү майрамдык дасторконго өзгөчө көңүл бурулат, себеби дасторкон үйдөгү бакубатчылыктан кабар берип турат. Сый тамактын чындап көркү чыгышы үчүн жаңы дасторконду алдын ала сатып алган туура болот, ошондой эле кооз идиш-аяктарды да даярдап коюш керек: салттуу керамикалык табактар жана пиалалар улуттук колоритти баса белгилесе, жарашыктуу идиш сервиздери дасторконго өзгөчө көрк кошмокчу. Жакшы көргөн тамактарыңыздын даамын чыгарууга жардам берчү курчутмалардын топтому майрамдык маанайды толуктай алат.
Жакындарыбызга кубаныч тартуулайлы
Нооруз – бул үй-бүлөлүк отуруштар жана майрамдык дасторкон гана эмес, бул ошону менен бирге сый-урматты көрсөтүп, жакшы каалоо-тилектерди жекирүү максатында бири-бирине белектерди тартуулоо салты. Ноорузда жылуулукка мол жана улуттук колориттеги белектер өзгөчө бааланат. Кийизден жасалган буюмдар же сувенирлер жайлуулуктун жана салттар менен байланыштардын символу болуп саналат. Ошондой эле колго жасалган зер буюмдар, оймо түшүрүлгөн табактар жана улуттук таттуулар да популярдуу.
Салттуу көңүл ачуулардын мезгили
Нооруз – бул берекелүү дасторкон жайылган майрам болгондон тышкары, кубанычка, музыкага жана достор менен жолугушууларга толгон күндөр. Өлкө боюнча адамдар көчөлөргө чыгып майрамдайт, спорттук таймаштар, концерттер жана театрлаштырылган оюн-зооктор өткөрүлөт. Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен стол үстүндөгү оюндарды ойноп, көңүлдүү кечти өткөрө аласыз. Майрам көбүрөөк эсте калышы үчүн ага алдын ала даярданып алган туура болот. Бул үчүн ылайыктуу музыканы жана көңүл ачкан иш-аракеттерди тандап алып, коноктор үчүн программаны түзүп, кубанычка жана жылуулукка толгон маанайды түзүш керек.
Бул майрам ар бир үйгө жылуулук, бакубатчылык жана береке алып келсин. Жаңылануу мезгили – айлана-тегерегиңизди жайлуу кылып, үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен убакыт өткөрүп, дасторконду толтуруп, жакын адамдарыңызды жагымдуу белектер менен кубандыруу үчүн сонун шылтоо.
Ozon менен Ноорузга даярдануу оңой болот – бул жерден майрамды өзгөчө жана унутулгус кылуу үчүн керектүүнүн баарын таба аласыз. Бүгүнкү күндө маркетплейсте 20дан ашык категорияда 370 миллиондон ашык товар бар, ал эми жигердүү сатып алуучулардын саны 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 56,5 миллиондон ашты. Буйрутмаңызды өзүңүз үчүн каалаган ыкма менен алдырта аласыз: курьердик жеткирүүнү тариздесеңиз болот, ошондой эле Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктунан же “Кыргыз почтасынын” бөлүмүнөн алып кете аласыз.