Бишкектин мэри жекшембиде жетекчилерди көчө кыдыртты. Себеби

Кечээ, 16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолдорду капиталдык оңдоо жана борбор калаанын аймактарын жакшыртуу боюнча мекеме жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аткарылган иштерди жеринен көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.
- Аламүдүн дарыясынын үстүндөгү көпүрөнүн абалын карап чыгып, курулуш иштерин тездетүү;.
- Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Шабдан Баатыр көчөсүнүн (ЖЭБ району) Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки аралыгын оңдоп -түзөө иштери пландалууда. График түзүүнү жана жолдорду реконструкциялоо үчүн шарттарды түзүү;
- Ауэзов жана Анкара көчөлөрүн кайра жасоо подряддык уюмга милдеттендирилди. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы бул маселе боюнча укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү документтерди даярдайт.
- Бакаев көчөсүнүн темир жол аркылуу өтүүчү бөлүгүндөгү курулуш иштерин тездетүү;
- Жаш Гвардия бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланат. Коомдук транспорттордун жылышы жана көчөлөрдүн жабылышы боюнча ыкчам маалымат менен коомчулукту камсыздоо;
- Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине шаардагы аялдамаларды жаңылоо иштеринин мөөнөтүн текшерүү;
- Жашыл зоналарга унааларды токтоткондорду текшерүү;
- Борбордогу куураган бактарды кыюу жана зарыл чараларды көрүү;
- Ирригациялык түйүндөрдү үзгүлтүксүз тазалап туруу;
- Вице-мэрлерге коюлган бардык тапшырмалардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан