Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү скутерлер тууралуу мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдө суу мотоциклин жана скутерди колдонуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 17-мартта билдирди.

Мыйзам 2025-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди) пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салынат. Ошондой эле Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

Мыйзам менен кошо “суу мотоцикли (гидроцикл)”, “асма мотор”, “эки тактылуу кыймылдаткыч”, “жасалма кыймылдаткыч” жана “төрт такттуу кыймылдаткыч” деген жаңы түшүнүктөр киргизилген.

Мындан тышкары адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлерде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилген.

Аталган эрежелерди бузган жеке жактарга 5 миңден 15 миңге чейин, ал эми юридикалык жактарга 10 миңден 20 миң сомго чейин айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан