Бүгүн, 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп колдонууга берилди. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар, президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Белгиленгендей, спикер жаңы мектептин ачылышына компютер жабдыктарын тапшырды. Ал эми жергиликтүү бийликтин атынан 300 миң сом ыйгарылды.
"Билим ордосу эки кабаттуу спорт залы менен кошо салынып, ичинде бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктаган. Имараттын жалпы сметалык баасы 114 миллион сомго жакын", - деп айтылат маалыматта.