АКШ Украинадагы жаңжалды токтотуу тууралуу А жана Б пландарын ачыктады

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда алгач А планын ишке ашыруу керектигин билдирди. Ал бул тууралуу CBS телеканалына берген маегинде айткан.

"План А – бул ок атышпоо. Экинчи этап – Б планына өтүү керек. Ал бардыгын сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу..." - деген ал.

Рубио салгылашуу уланып жатканда Б планына жетүү кыйын экенин белгилеген. Ошондой эле ал чыр-чатакты эки тараптын тең муктаждыктарын эске алган жол менен токтотуу керектигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан