Садыр Жапаров Европа Бирлигинин комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Европа Бирлигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту.

Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, анда стратегиялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Европа Бирлиги (ЕБ) Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери ишенимдүү өнөктөш болуп келгенин белгиледи.

“Биз демократиялык реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу жана стабилдүү мамлекетти өнүктүрүүдө Европа Бирлигинин Кыргызстанга көрсөтүп келе жаткан туруктуу колдоосун жогору баалайбыз”, - деди мамлекет башчысы.

Президент Европа Бирлигине жашыл демилгелерди, жаратылыш кырсыктары учурунда эрте кабарлоо системаларын, аз көмүртектүү өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү илгерилетүү боюнча кызматташууну сунуштады.

Ал Кыргызстандын демилгеси жана тоолуу өнөктөштөрдүн кеңири колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюму 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялаганын эске салды.

Бул контекстте ал Европа Бирлигин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын жол картасына донор катары кошулууга чакырды, анткени Европанын көпчүлүк өлкөлөрү тоолуу болгондуктан, алардын айрым жерлеринде да коркунуч алдында турган мөңгүлөрдү сактоо, тоо экосистемаларын коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер бар.

Өз кезегинде комиссар Сикела Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндө тарыхый макулдашууну региондогу тынчтык үчүн чечүүчү мааниге ээ деп жогору баалады жана ЕБ аймактык интеграцияны жана Борбордук Азия менен Европанын ортосундагы өз ара байланышты жактай тургандыгын ырастады.

“Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарында чоң потенциалы бар жана ЕБ аймакка туруктуу жана узак мөөнөттүү пайда алып келген долбоорлорду колдоого жана бул потенциалды ишке ашырууга даяр. Менин сапарымда макулдашылган демилгелер буга сөзсүз жардам берет”, - деп белгиледи комиссар Йозеф Сикела.

Андан соң Президент Садыр Жапаров менен комиссар Йозеф Сикеланын катышуусунда каржы келишимине кол коюу аземи өттү.

Алсак, Министрлер кабинети, Европа Бирлиги жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу максатында ирригацияга инвестицияларды көбөйтүүгө багытталган жаңы программаны ишке киргизүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Программа сууну үнөмдөөчү технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүүнү колдоого багытталган, алар өлкөдө айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан