Бишкек шаарында жол кырсыгынан 22 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып жазышты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 16-март күнү саат 17:40 чамасында болгон. Маркум Түштүк магистралдагы жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп баратканда Mercedes үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.
Унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталганы айтылды.