Бишкекте 13 жаштагы кызды жөө өтмөктөн сүзүп, качып кеткен Портердин айдоочусу кармалды (видео)

Бишкекте үч жума мурун 13 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу табылды. Бул туурасында борбордун кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя 26-февралда шаардагы Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу Хендай Портер үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып жөө өтмөктөн 13 жашар У.М. аттуу кызды сүзүп, из жашырып кеткен.

МККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1992-ж.т. А.у.Ж. аттуу айдоочу кармалып, автоунаа айып короого киргизилди. Учурда бардык тийиштүү жумуштар жүрүп жатат.

Бишкекте жөө өтмөктөн өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан