9-майда Москвадагы парадга кайсы өлкөнүн аскерлери катышары белгилүү болду (тизме)

Москвада өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Кыргызстандын Улуттук гвардиясы 80ге жакын аскер кызматкерлерин жөнөтөт. Бул тууралуу News.ru басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кыргыз аскерлери учурда парадга катышуу үчүн кызуу даярдык көрүп жатышат.

Кызыл аянттагы парадга катышуу үчүн 19 дос мамлекеттин аскер бөлүктөрү чакырылганын Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов билдирди. Ал чакырууну кабыл алгандардын арасында мурдагы СССРдин жети өлкөсү бар экенин тактады.

Москвага Казакстандан да аскер кызматкерлери жөнөтүлөт. Коңшу өлкөнүн Коргоо министрлигинин Тарбия жана идеологиялык иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Виталий Адамович 9-майда Кызыл аянтта аба-десанттык аскерлердин параддык отряды өтөрүн ырастады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылдын 9-декабрында ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары менен жолугушууда Орусия Москвадагы Жеңиш парадында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерин жана аскерлерин күтүп жатканын билдирген. Демек, парадга Кыргызстан менен Казакстандын катышуусун ырастагандардан тышкары Армениянын, Беларустун жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышат.

Түндүк Корея да Москвадагы Жеңиш майрамына катышуу үчүн аскерлерин жибериши ыктымал. Орус өкмөтү бул өлкөгө тиешелүү чакыруу жөнөттү.

Япониянын NHK World басылмасы булактарына таянуу менен Түндүк Кореянын аскерлеринин аскердик парадга катышуусу боюнча чечим кабыл алынганын кабарлады.

Мындан тышкары Индия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн дагы аскерлери парадга катышышы мүмкүн.

Москвадагы Жеңиш парадына чакыруу кайсы мамлекеттерге берилген жок?

Москва Жеңиш күнүнө дос эмес өлкөлөрдүн өкүлдөрүн чакырган жок. Бул тизмеге Австрия, Австралия, Андорра, Бельгия, Улуу Британия, Дания, Ирландия, Италия, Латвия, Литва, Украина, Польша, Румыния, Франция, Чехия, Эстония, Швейцария, Япония, Германия жана башка өлкөлөр кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан