УКМК Бакай-Ата районунун акимин кармады

Таластын Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы ("сугат айдоо" категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 гектар жер тилкелерин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

"Тергөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы аким И.А.Т. аттуу жарандын тиешеси бар экени аныкталып, ал үстүбүздөгү жылдын 11-мартында кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан