Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы калаада баңгизаттарды сатуу менен алектенген делип 60 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-мартта милицияга Октябрь районунун аймагында белгисиз жарандар баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөнү боюнча маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 60 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Маалыматты текшерүү учурунда калаадагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлүп, 12 даана специффикалык жыты бар, салмагы 10.23 граммды түзгөн белгисиз баңгизат табылган.
Ал экспертизанын жыйынтыгы менен смола каннабиса (гашиш) аттуу баңгизат деп табылган.