Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Тунистин Түркиядагы элчиси Ахмед Бен Сгайердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Анда тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Элчи Ахмед Бен Сгайер кыргыз-тунис саясий жана экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди. Бул контекстте дипломаттар түрдүү деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары Тунис элчиси энергетика, билим берүү жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясын импорттоо жаатында кызматташууга кызыкдар экенин ырастады.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын чыңдоо боюнча иштерди улантууну макулдашты.