Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, элчини ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктаган.
Жолугушууда эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик тармактарда кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланган.
Ошондой мамлекет башчы элчини тажрыйбасы мол кесипкөй дипломат катары эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өнөктөштүктү чыңдоого салым кошоруна ишенимин билдирген.
"Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы мамилелер терең маданий жана тарыхый байланыштарга негизделип келет. Биз 2019-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө жетишкен мамилелерди баалайбыз”, - деген Жапаров.
Ал эми Индиянын Кыргызстандагы элчиси эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.