Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган бөлүмгө 3-мартта К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда А.Д. аттуу жаран анын ишеничине кирип, баасы 40 миң доллар турган Mercedes-Bens жана 26 миң доллары турган Porshe Panamera автоунааларын алып, 5 даана капсула үй берүүнү убада кылган. Бир үйдүн курулушу 15 миң доллар чыгым кетирсе, 22 миң долларга сатылмак. Унаалардан тышкары шектүү 1 миллион 300 миң сом накталай акча каражатын ээлеп алган. Кийин байланышка чыкпай, жүргөн жерин жашыргандыгы маалыматта кошумчаланган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1995-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жоктугу аныкталууда.