Жогорку Кенештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Финансы министрлигинин кызматкерлерине Түркияда эс алууга эки кишилик 50 даана сертификат тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бул белек кызматкерлердин эмгегин баалоодо чоң колдоо көрсөтүп, алардын келечектеги ишине оң таасирин тийгизип, кызматтык милдеттерин аткарууда жаңы жетишкендиктерге, мындан аркы иштертерине оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик эл өкүлүнө жасаган белеги үчүн терең ыраазычылык билдирерин кошумчалады.
Сертификатта эс алуу 7 күн, 6 түнгө созулары жана негизгиси 4-5 жылдыздуу мейманкана, Анталия, Памуккале, Каппадокия шаарларына экскурсия, оюн-зоок программасы каралганы жазылган.