Австралиядагы ысык аба ырайынын
кесепетинен массалык түрдө жарганаттар өлө баштады. Бул
тууралуу 9-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Квинсленд
штатында январь айынын башында абанын температурасы +43 градуска чейин көтөрүлүп, мындан улам бир нече күндүн ичинде 100
миңден ашуун жарганат өлгөн. Эң кызыгы, алардын көпчүлүгү учуп бара жаткан жеринен эле жерге кулашкан.
Бийлик өкүлдөрү инфекцияларды жуктуруп албоо үчүн
жаныбарлардын өлүктөрүнө жакындабоону сунуштап жатышат. Учурда аларды тазалоо үчүн атайын адамдар жалданган.
Азыркы тапта Австралияда абанын температурасы +30 +35 градусту көрсөтүп турат.