Бишкекте вебкам-студия уюштурган 29 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте вебкам-студия уюштурган 29 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 11-мартта милицияга интернет сайттары аркылуу жарнамалап, кыздарды жогорку акы төлөнүүчү онлайн-видео маек куруу кызматтарын көрсөтүүгө вебкам-студияларына жумушка чакырылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Т.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Бишкекте вебкам-студия уюштурган 29 жаштагы жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан