Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абадда наристенин өлүмүн алган кырсык боюнча билдирүү жасады.
Анда мэр кырсык болгон учурда рулда анын уулу эмес, инисинин уулу болгонун белгиледи.
"Урматтуу мекендештер! Бүгүн социалдык тармактарда байма-бай тарап, менин атыма жабылган каргашалуу унаа кырсыгы боюнча расмий жооп берип коюуну чечтим.
15-март түнкү 21:00 чамасында Жалал-Абад шааарынын Р.Азимов көчөсүндө жол-транспорт кырсыгынан эки жаш баланы сүзүп кетип, окуя болгон жерде бири жан берген.
BMW үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган.
Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З. болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып, 15-майга чейин (эки айга) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалыматтар берилген. Ошондой эле мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз!
Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Наристенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Ата-энесине жана жакындарына сабыр тилейм. Экинчиси батыраак сакайып катарыбызга кошулсун. Жакшылыктарда көрүшөлү!" - деп жазды Ош шаарынын мэри.
Белгилей кетсек, кырсык 15-март күнү кечинде болгон. Анда BMW унаасынын айдоочусу жол жээкке чыгып кетип, ал жерден 2 жаштагы бала менен 4 жаштагы кызды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 4 жаштагы кыз каза болуп, бала оор абалда ооруканага түшкөн.
Бул кырсыктан кийин эле көпчүлүк интернет колдонуучулар рулда Ош шаарынын мэринин уулу болгонун жазышкан.