Жакында эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде Кыргызстанда биринчи жолу коюлуп жаткан этно-мюзиклде Бегимайдын ролун аткарган ырчы Арууке Абдыкалыкова SUPER.KG порталынын маек төрүндө конокто болду.
Маектин жүрүшүндө ырчы бул ролго кантип тандалып калганын, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу дагы учкай айтып кетти.
Арууке Абдыкалыкова Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 4-курсунун студенти.
Бир роль менен калың элге таанылып, жылдызы жанган Арууке муну жоопкерчилик жана сыноо катары кабылдаганын айтат.
"Кудайдын берген мүмкүнчүлүгү болду да. Мен ошону жон терим менен сезип жатам. Муну бир чети сыноо катары дагы эсептейм. Себиби өзүм студент болуп, мурда-кийин элге таанылып, ырдап жүрбөсөм, анан Кудай мага белек кылып эле берип койгондой сезилди ушул ролду. Ошол үчүн Кудай алдында өзүмдү адам болушум керек экенине, дагы да өсүшүм керек экенине, жөн эле жоопкерчилик алам", - дейт ырчы.
Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.