Кытайда бейтапка чочконун бөйрөгү ийгиликтүү трансплантацияланды

Кытайлык дарыгерлер бөйрөк оорусунан жабыркаган 69 жаштагы бейтапка генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгүн ийгиликтүү трансплантациялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

6-мартта жасалган операция ийгиликтүү өттү. Трансплантацияланган бөйрөк дароо иштеп, заара чыгара баштады. Алты күндөн кийин бейтаптын абалы турукташып, бөйрөктүн иштешинин негизги көрсөткүчү болгон креатининдин деңгээли үчүнчү күнү нормага кайтып келген.

Бул Кытайда чочко бөйрөгүн тирүү адамга биринчи ийгиликтүү трансплантациялоо. Буга чейин мындай операциялар АКШда да жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан