Гондураста учак жүргүнчүлөрү менен деңизге кулады

Гондурастын Роатан аралындагы аэропортунан учуп чыккан учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле деңизге кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Окуя кечээ, 17-март күнү болгон. Учакта 15 адам жана 2 учкуч болгону айтылууда. Азырынча 6 адам каза болгону кабарланды. Алардын өздүктөрү тактала элек. Жүргүнчүлөрдүн арасында эки жашы жете элек өспүрүм, ошондой эле Франция менен АКШнын жарандары да болгон.

Гондурастын деңиз күчтөрү учак кулаган жерде издөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан