Аравандагы автобекет мамлекетке өттү

Оштогу Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,33 гектар болгон борбордук Араван автовокзалы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган. Алар "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамды бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

"Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан