Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Африка өлкөсүнө элчилик ачат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Андагы билдирүүгө ылайык, элчилик Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарына ачылат.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эфиопия менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык токтом кылынат:

1. Аддис-Абеба шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилиги уюштурулсун;

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети: – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 4 бирдикке көбөйтүү маселесин чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан