Футбол: Катар Бишкекке келе турган футболчулардын тизмесин жарыялады

Футбол боюнча Катар курама командасынын башкы машыктыруучусу Луис Гарсия 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү турдук оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Түндүк Корея курама командаларына каршы боло турган беттештерге карата команданын курамын жарыялады.

Катар март айындагы оюндарга даярдыгын Доха шаарында баштады. Алгач алар 20-мартта өз үйүндө Түндүк Кореяны кабыл алса, 25-мартта Бишкекте Кыргызстан менен ойнойт.

Луис Гарсия улуттук курамага төмөнкү футболчуларды чакырды: Дарбазачылар: Салах Закария, Саад Аль-Шиб, Махмуд Абунада, Мешаал Баршам;

Коргоочулар: Абдуллах Юсуф, Абделькарим Хассан, Аль Хашими, Ассим Мадибу, Абулазиз Хатим, Абдулла Аль Ахрак, Буалем Хухи, Лукас, Педро Мигель, Тарек Салман;

Жарым коргоочулар: Ахмед Алаа, Ахмед Аль Ганейи, Ахмед Аль Рави, Ахмед Фати, Ахмед Фатхи, Ахмед Сухаийл, Хазем Ахмед, Хомам Аль Амин, Мохамед Мунтари;

Чабуулчулар: Акрам Афиф, Алмоез Али, Эмилсон Жуниор, Ясим Жабер, Мохамед Мунтари, Мохамед Сераг, Мурад Нажи, Мустафа Тарег, Юсуф Абдурисаг.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан