АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн мурунку лидери Жо Байдендин балдарынан мамлекеттик күзөт кызматын алып салганын жарыялады.
"Хантер Байден мындан ары Жашыруун кызматтын агенттери тарабынан корголбойт. Ошондой эле Эшли Байден да тизмеден чыгарылды", - деп жазган ал өзүнү Truth Social социалдык тармагына.
Трамптын айтымында, Байдендин уулу Хантерди 18 адам, ал эми кызы Эшлини 13 адам кайтарып келген.