Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган делип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 20-февраль күнү Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун Чоң-Өрүктү айылындагы тушунан кармалып, жанынан 76 даана ширеңке кутучасына салынган наркотикалык зат табылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Дайындалган экспертиза табылган зат гашиш баңгизаты экенин аныктаган. Кармалган жаран Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.