Украинанын бир шаарында эркек киши аскер комиссарына граната ыргытты

Украинанын Запорожье шаарында бир адам аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн документтерин текшерип жаткан аскер комиссариаты менен полиция кызматкерлерине карай граната ыргыткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, окуя 13-мартта болгон. Анда эркек киши тапанча менен асманга ок чыгарып, тартип сакчыларына зыянсыздандырылган граната ыргытып, андан соң качып кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери тез арада кылмышкердин өздүгүн аныкташкан. Ал 44 жаштагы шаар тургуну болуп чыккан. Учурда ал камакка алынып, бейбаштык аракеттерге жана мыйзамсыз курал-жарак сактоого шектелип жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан