Азат Алманбетов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болду

Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Азат Алманбетов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Бүгүн, 18-мартта жаңы орун басар ведомствонун эмгек жамаатына тааныштырылды.

Алманбетов буга чейин Салык кызматынын борбордук аппаратында фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан