Лионель Месси Аргентина курамасына чакырылбай калгандан кийин билдирүү жасады

Американын "Интер Майами" футбол клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси алган жаракатынан кийин билдирүү жасады.

Буга чейин оюнчу Аргентина курама командасынын 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарындагы акыркы курамына кирген эмес.

"Уругвай жана Бразилия менен болгон маанилүү оюндарды өткөрүп жиберүүм өкүнүчтүү. Мен ойногум келген, бирок олуттуу эмес жаракатымдан улам улуттук курамага бара албайм. Аргентиналык ар бир күйөрмандардай эле мен дагы команданы сырттан колдойм. Аргентина, алга!" – деп жазган Месси социалдык тармактардын бирине.

Эске салсак, 37 жаштагы Месси "Интер Майамиге" 2023-жылы жайында өткөн. Футболчунун клуб менен учурдагы келишими 2025-жылдын аягына чейин түзүлгөн. Transfermarkt порталында берилген маалыматка караганда, футболчунун базар баасы 20 миллион еврону түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан