УКМК: Чек арадан 28 жаштагы өзбекстандык кармалды (видео)

Чек ара тилкесинен Өзбекстандын 28 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстанга Өзбекстандан мамлекеттик чек аранын начар корголгон тилкелери аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштуруп алган. Ошентип шектүү кезектеги 1 килограмм гашиш баңгизатын өткөрүп жатканда колго түшкөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

УКМК 18.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан